Жалал-Абад облусунун казысы шаардагы курулуш иштери жүрүп жаткан «Азирети Аюб» жума мечитинин имам-хатиби жана мечит жамааты менен жолугушту

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков шаардагы эскилиги жетип, бүгүнкү күндө кайра курулуп жаткан «Азирети Аюб» жума мечитинин имам-хатиби Исмаил ажы Шеримов жана мечит жамааты менен жолугушту.

Жолугушууда облус казысы бүгүнкү күндө мечиттерди куруп, бирок документ иштерине көңүл бурулбай келгени каттоо иштерине чоң тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи. 

«Ар бир мечиттин же кайсы бир диний объектинин пайдубалы түптөлгөндөн тарта, документ иштерин дароо бүткөрүү керек. Мындан ары ушул тартипке кетүүбүз маанилүү. Бүгүнкү күндө каттоо иштери абдан кыйынчылыкты жаратууда. Каттоого тиешелүү бардык маселелер боюнча казыяттын мечит бөлүмүнүн адиси Бектен  Боронбаевге кайрылыңыздар»,-деди облус казысы.  

Ал эми «Азирети Аюб» жума мечитинин имам-хатиби Исмаил ажы Шеримов мечиттин курулуш иштери боюнча маалымат берип, тиешелүү документтер бүткөрүлүп жаткандыгын билдирди.

Муну менен катар имам-хатиб мечиттин ачылышы тиешелүү иш кагаздар бүткөндөн кийин боло тургандыгын айтып, облус казысына жергиликтүү жамааттын атынан ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек «Азрети Аюб» мечиттин ачылыш салтанаты ыйык Курбан айт күнүнө  пландалууда.