Чоң-Алай хатибияты мектеп окуучулары менен жолугушуп, мугалимди сыйлоо, билим алуунун зарылдыгы, адеп-ахлак жана тазалык темаларында насааттарды айтышууда

Ош облусунун Чоң-Алай райондук хатибияты райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги менен макулдашып, мектеп окуучулары менен жолугушууну баштады. Жолугушуу жогорку класстын окуучулары менен уюштурулуп, мугалимди сыйлоо, билим алуунун зарылдыгы, адеп-ахлак, тартип жана тазалык темаларында насааттар айтылууда.

«Жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлагы кооз, илим-билимге болгон мамилеси жакшы болууга тийиш. Мектеп окуучуларын мугалимдерди сыйлап, урматтоого чакыруудабыз. Мугалимге баш бербөө, аларды ызаа кылуу менен билим жукпайт. Устат кор болгон жерде өсүп-өнүгүү боюнча кыялдануу туура эмес, – деп билдирди Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек Маматаминов.

Эскерте кетсек, хатибият, райондук окуу бөлүмү жана укук коргоо органдарынын биргелешип өткөрүп жаткан жаш өспүрүмдөр менен жолугушуу иш-чарасы райондогу ар бир мектепте уюштурулмакчы.