Ош облусундагы баш имам-хатибдер жылдык иш-планын бекитти

Ош облустук мусулмандарынын  казыяты карамагындагы райондун баш имам-хатибдери менен жылдык иш-план бекитүү боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев, ДИМК ТАБдын башкы адиси Бөрүмухаммед Эсенов, казыят жамааты жана райондун баш имам-хатибдери катышты.

«2022-жылы аткара турган иш-планыңыздар боюнча маалымат бердиңиздер. Азыркы тапта аткарылышы кечиктирилгис маселе болгон каттоо иштери бар. Үстүбүздөгү жылдын кийинки кварталына чейин облус боюнча бардык диний объектилер каттоодон өткөрүлүп, бүтүүгө тийиш. Болбосо чара көрүүгө мажбур болобуз», – деди облус казысы.    

Ал эми ДИМК ТАБдын өкүлү Бөрүмухаммед Эсенов Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын, 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын, 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарга экстремизм жана террроризмге каршы аракеттенүү боюнча Программасын аткаруу боюнча 2022-жылда аткарылуучу биргелешкен беш тараптуу иш-планда көрсөтүлгөн иш-чараларды өз убагында аткаруу зарылдыгын баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чечимдерин дайындоо Башкармалыгынын башчысы А. Эргешовдун 2021-жылдын 2-ноябрындагы №27-4412 тапшырмасын аткаруу алкагында мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча РМАлардын алдында түзүлгөн комиссиянын ишине баш имам-хатибдердин активдүү катышуусу керектиги, эсептик каттоодон өтпөгөн мечит жана намазканаларды каттоону тездетүү, документтерди каттоого даярдоодо КР ДИМК ТАБ тарабынан талап кылынуучу документтердин тизмеси боюнча даярдоо жана мечиттердин мыйзамсыз ачылышына жол бербөө боюнча маалымат берди.

Эскерте кетсек, аталган жыйында ар квартал сайын отчетторду өз убагында тапшыруу боюнча  тапшырма берилди.