Азирети Муфтий Замир кары Ракиев АКнын мүчөсү, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун агасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өз өмүрүн дин тармагында арнап, өрнөктүү билимин берип, ислам дининин асыл баалуулуктарын элибизге жеткирүүдө Абдишүкүр ажыбыздын илим алуусуна чоң салым кошкон агасы Мамасалы Исламбековдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

«Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Аганыздын мусулман үммөтү үчүн жасаган эмгеги зор деп билемин. Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156). Үй-бүлө жана туугандарыңыздарга күч-кубат берсин. Жаратканыбыз Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан тилеймин. Кайгыңарды тең бөлүшөбүз»,-деди Азирети Муфтий.