![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/02/WhatsApp-Image-2022-02-19-at-12.15.37-7.jpeg)
Талас облусундагы мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев райондордун баш имам-хатибтерине жыйын өткөрдү. Облус казысы Талас аймагындагы документтери бүтө элек мечиттерди 4-апрелге чейин толук каттоого даярдоо керектигин билдирди.
«Ар бир диний жааттагы курулушка маани берип, документтерин дароо бүткөрүү керек. Муну менен катар эл арасында дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үй-бүлө, бала тарбиясы, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча баяндамаларды жасайлы!»,-деди облус казысы.
Эскерте кетсек, Талас облусунда документ иштери бүтө элек 31 мечит бар болсо, аларды мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө даярдык жүрүүдө.