![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/02/IMG_20220221_213829_533.jpg)
Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Инсан таануу» коомдук бирикмесинин 6 жылдык саамалыгына катышып, «Ата-энени сыйлоо» темасында баяндама жасады. Иш-чарага ЖК депутаттары Нуржигит Кадырбеков жана Эрулан Кокулов катышып, жаштарга билим алуунун маанилүүлүгүн айтып беришти.
Убайдулла ажы Сарыбаев жаштарга ата-энени сыйлоо, бала тарбиясы, билимдүү муун жана кесипкөй жаштардын келечеги боюнча насаатын айтып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
«Тарбия үй-бүлөдөн башталат. Энебиз бизди 9 ай көтөрүп, андан кийин биз оорусак кошо ооруп, багып, чоңойтту. Анын кадырын билели», — деди шаар казысы.
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/02/IMG_20220221_213831_818.jpg)
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/02/IMG_20220221_213745_811.jpg)
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/02/IMG_20220221_213727_310.jpg)