Аалымдар Кеңеши коммерциялык эмес турак жай кооперативи аркылуу турак жай же унаа алуунун өкүмү жөнүндө фатва чыгарды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин фатвасы толугу менен берилет.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын 03-протоколдук жыйынынын чечиминин негизинде

Коммерциялык эмес турак жай кооперативи аркылуу турак жай же унаа алуунун өкүмү жөнүндө төмөндөгүдөй фатва чыгарат:

№ 01  ФАТВА

الحمد لله رب العالمين، والصلاة والسلام على رسول الله صلى الله عليه وسلم، وعلى آله وصحبه أجمعين. أما بعد

Коммерциялык эмес турак жай кооперативи – мүчөлөрүнүн турак жайдагы муктаждыктарын канааттардыруу максатында жарандардын ыктыярдуу бирикмеси.

Мындай кооперативдер аркылуу турак жай же унаа сатып алууда:

  • Келишимде сүткорлук же сүткорлуктун элементтеринин жок болуусу шарт.
  • Сатып алынган товар башында (айрым учурда же аягында) пайщиктин мүлкүнө өтүүсү шарт.
  • Келечекте пайщиктер менен кооперативдин ортосунда талаш-тартыш жаратууга алып баруучу себептердин жок болуусу шарт.
  • Гарардын жок болуусу (б.а. келишимдин мөөнөтү, заттын түрү жана сапаты, баасы так болуусу) шарт.
  • Пайщик төлөмдү кечиктирген учурда, төлөнүүчү жазапул кооперативдин мүлкүнө берилбөөсү шарт.
  • Кооперативдин аманатты кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү бар экендигине мамлекет тараптан же мамлекеттин расмий көзөмөлүндөгү мекемеден кепилдик же тастыктоо болуу шарт.

Жогоруда аталган шарттардын бири же бир нечеси табылбаган учурда, коммерциалык эмес турак жай кооперативи аркылуу турак жай же унаа сатып алуу — шариятка туура келбейт, тыйылат.