Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын 31 жылдык майрамдык иш-чарасына катышты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын (ЭММКАК)  түзүлгөндүгүнүн 31 жылдык майрамдык иш-чарасына катышты. Облус казысы ЭММКАК кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирүү менен мекен үчүн талыкпай эмгектене берүүгө чакырды.

«Ар бирибиз мамлекетибиз, элибиз жана келечек муундар үчүн талыкпай эмгектене берсек, Алла Таалам эселеген соопторун берет. Өлкөбүз үчүн таза, ак кызмат кылып, жаштарга үлгү бололу!»,-деди облус казысы.

Саамалыкка КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК)  Талас облусундагы өкүлү Чынар Осмоналиева катышып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми Талас ОИИБнын башчысы Марлис Асанов  ар тараптуу кызматташууга жана мекен үчүн кызмат кылууга даяр экендигин билдирип, облус казысына ыраазычылыгын билдирди.