![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/02/IMG_20220221_214739_125.jpg)
Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ОшМУнун теология факультетинен практика өтөө үчүн келген студенттерди кабыл алып, аларга кеп-кеңештерин айтып, окууларына ийгиликтерди каалады.
«Жаштык мезгилди илим алуу менен өткөрүү чоң бакыт. Алган илимди эстен чыгарбоо үчүн практика керек», -деди шаар казысы.
Андан соң практиканттарды казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Номан уулу Муктар мечит, медреселерге бөлүштүрдү.
Эскерте кетсек, ОшМУнун студенттери практика үчүн жергиликтүү казыяттарга жана мектептерге барышат.
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/02/IMG_20220221_214713_993.jpg)