Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Ош шаарына расмий иш сапары менен барып, дин кызматкерлери менен жолугушту

Бүгүн, 24-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев  Ош шаарына расмий иш сапары менен келип, калаадагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү.

Жыйын алкагында ислам дининдеги фыкх маселелерине токтолуп, имамдардын билимин жогорулатуу боюнча атайын программалар иштелип жаткандыгын билдирди.  Ал эми КМДБнын бухгалтерия жана чарбалык-курулуш бөлүмүнүн адиси Асанбай Бекматов мечит  кызматкерлерин каттоо жана документ иштерине так болууга чакырды.

Эскерте  кетсек, Абибилла ажы Кадырбердиев расмий иш сапарынын алкагында  Ош шаарындагы диний окуу жайлардын студенттери менен жолугушат.