Өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлер март айынан апрель айына чейин ишембилик өткөрүшөт

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругу менен дин кызматкерлери март айынан апрель айына чейин ишембилик өткөрүшөт. Иш-чара алкагында дин кызматкерлери (Муфтият жана ар бир Казыят, хатибият, мечит имамдары, диний окуу жайлар)  мечиттерди, диний окуу жайларды, социалдык обьекттерди (карыялар үйүн,  жетимдер үйүн) жана кароосуз калган үй-бүлөлөргө тазалоо, актоо, көчөт отургузуу иштерин жүргүзүшмөкчү.