Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков райондун баш имам-хатибдери менен жолугушуп, аймактагы диний абалдан кабар алып, бир катар тапшырмаларды берди

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы  Алмазбек ажы Сагындыков райондун баш имам-хатибдери менен жолугушуп, аймактагы диний абалдан кабар алып, бир катар тапшырмаларды берди.

Облус казысы өзгөчө эл арасында ата-энени, мугалимдерди, улууларды сыйлоого, адептүүлүккө чакыруу менен бирге зынаа, чылым чегүү, талап-тоноочулук, ичимдиктин зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин айтты.

Муну менен катар облус казысы жаздын келиши менен район, шаарлардын имамдары тазалыкка басым жасашып, ишембиликтерди уюштуруусу керек экендигин баса белгиледи.

“Мектеп окуучуларына таалим-тарбия сабактарын уюштуруп, жаш өспүрүмдөр менен иш алып баралы! Жаштарыбыз ыймандуу ыймандуу болсо, келечегибиз жарык болот. Андыктан ар бир имам жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте тегерек стол, тренингдерди уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек”,-деди облус казысы.