Баткен облусунун казысы мечиттерди каттоодон өткөрүүдө кетирген кемчиликтери үчүн Кадамжай жана Лейлек районунун баш имам-хатибтерине эскертүү берди

 Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нурудин ажы Мамасабиров район, шаарлардын  баш имам-хатибтери менен биргеликте жыйын  өткөрүп, анда мамлекеттик каттоодон өтө элек мечиттердин документ иштерин тездетүү маселеси каралды. Облус казысы 2021-жылдын 26-ноябрындагы №49 буйруктун талаптарын аткаруу керектигин баш имам-хатибтерге эскертти.

Аталган жыйынга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов жана казыяттын үгүт-насаат,  мечиттер бөлүмүнүн адиси Сайидахмад ажы Аппазов катышып, каттоонун эрежелерин түшүндүрүп беришти.

«Ар бирибиз каттоо иштерине кайдыгер карабай, мечитибиздин документ иштерин жандандырсак. Каттоо иштерин 2022-жылдын 1-апрелине чейин бүткөрүңүздөр»,- деди облус казысы.

Жыйында буга чейин эсептик каттоодон өткөрүүдө кетирген кемчиликтери үчүн Кадамжай жана Лейлек районунун баш имам-хатибтерине эскертүү берилди.