Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Кызыл-Суу айылындагы имамдар жана айыл аксакалдары менен жолугушуп, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча маалымат берди

Жети-Өгүз районунун  баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу  Кызыл-Суу айылындагы имамдар жана айыл аксакалдары менен жолугушуп, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча маалымат берди.     

“Заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту, үнөмдү үйрөнгөнүбүз жакшы. Ашыкча чыгымдарга жол бербей эсеп-чот менен, баам-парасат менен, чен-өлчөм менен жашоого көнчү мезгил келди. Бул жашоодо бардык нерсе өзүнүн чен-өлчөмү менен, өз орду менен, өз жолу менен болгондо гана тең салмактуулук, ырааттуулук бузулбайт. Ошондуктан ысырапкерчилик болгон жерде жакырчылык, кайдыгерлик болгон жерде түркөйлүк, мактанчаактык болгон жерде уятсыздык эриш-аркак жүрөт”,-деди райондун баш имам-хатиби.

Жолугушуу суроо-жооп менен коштолуп, баш имам-хатиб Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин буйругун тааныштырды. Муну менен катар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги боюнча айыл имамдарына бир катар тапшырмалар берилди.