Ысык-Көлдөгү дин кызматкерлерине “Билимдүү имам” аттуу эки күндүк окуу семинар башталды

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө башчынын «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча» Жарлыгынын алкагында бүгүн, 28-февралда  жалпы  мечит  имамдарынын билим деңгелин жогорулатуу максатында Ханафий  мазхабы жана Матурудий акыйдасы боюнча “Билимдүү имам”  аттуу эки күндүк окуу  семинары Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында башталды.

Учурда Тоң, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарындагы дин кызматкерлери мазхаб,  Матуридий акыйдасы, Ханафий мазхабы, соода-сатык эрежелери, адал сертификат,  нике, талак маселеси, зекеттин өлчөмү, шарияттагы маркумду жерге берүү эрежеси, ысырапкерчилик темалары боюнча бекитилген графиктин алкагында сабактар башталды.

“Билимдүү имам”  аттуу окуу  семинары өлкөбүздүн бардык тарабында уюштурулуп, Дин Башкармалыктын түзүмүндөгү бардык дин кызматкерлеринин билим деңгээлдери жогорулатылмакчы. Муну менен катар ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2021-2026 жылдарга карата жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын багыттары тааныштырылууда. Максатыбыз имамдарыбыздын билимин жогорулатуу жана калкыбыз менен тыгыз иш алып баруу,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев.

Эскерте кетсек, 24-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыктын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругу чыгып, эл арасында түшүндүрүү жана дин кызматкерлерин окутуу иштери башталды.