Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында эл арасында түшүндүрүү иштери башталды

Үстүбүздөгү жылдын 24-февралда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү башталды.

Жарлыкка ылайык Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругу чыгып, анда КМДБнын түзүмүндө турган бардык дин кызматкерлери жума мечиттерде жана той-аштарда, маркумду акыркы сапарга узатууларда түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү чечими кабыл алынган.

Муну менен катар дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу максатында атайын окуу курстарын, семинарларды уюштуруу тапшырмасы берилген.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-февралда  жалпы  мечит  имамдарынын билим деңгелин жогорулатуу максатында Ханафий  мазхабы жана Матурудий акыйдасы боюнча “Билимдүү имам”  аттуу эки күндүк окуу  семинары Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында башталды.  Учурда Тоң, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарындагы дин кызматкерлери мазхаб,  Матуридий акыйдасы, Ханафий мазхабы, соода-сатык эрежелери, адал сертификат,  нике, талак маселеси, зекеттин өлчөмү, шарияттагы маркумду жерге берүү эрежеси, ысырапкерчилик темалары билим алышууда.