Ош шаарына 10 миң түп Павлония көчөтү отургузулду

Ош шаарын көрктөндүрүү максатында 10 миң Павлония көчөтү отургузулду. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмазбек Мамбетов, шаардын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

«Дарак отургузуу сооптуу амал, анткени андан адамдар пайда табат. Дарак абаны тазалоого жардам берип, эл үчүн түрдүү мөмөлөйт. Аллахым насип кылса, азыр отургузуп жаткан Павлония көчөтү чоң жалбырактуу дарак болгондуктан шаардын абасын тазалап,  ысык күндөрдө эс алуу үчүн көлөкө болот», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев

Эскерте кетсек, Өзбекстан Республикасы тарабынан белек катары келген 10 миң Павлония көчөтүнөн Ош шаардык мусулмандарынын казыятына караштуу жалпы мечиттер үчүн 300 даана бөлүнүп берилди.