Талас облусунун Манас районунун имамдары үчүн үч күндүк окуу семинары башталып, дин аалымдары сабак беришүүдө

Талас облусунун Манас районунун имамдары үчүн үч күндүк окуу семинары башталып, анда Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Кенжетай ажы Курманходжаев,  Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмил Асылбеков,  Расул Акрам ислам институтунун  ректору Тариэл ажы Абжалбеков, ушул эле институттун мугалими Абдыкалык кары Эшматов жана Талас облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдусамат уулу лекция өтүшүүдө.

«Адамдагы эң сонун нерсе — акыл менен билим. Үйрөнбөй же окубастан билим жукпайт. Андыктан биз дайыма изденүүнүн үстүндө болушубуз керек. Имам дайыма изденүүнүн, билим алуунун жолунда болсо, эл менен иш алып баруу жана шарият көрсөткөн жолду айтуу жеңил болот. Муфтият дагы имамдар үчүн «Билимдүү имам» атуу квалификациялык окуу семинарын баштады. Бул дагы сиздер үчүн»,-деди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.

Имамдар үч күндүк окуу семинарында мазхаб, Матуридий акыйдасы,  фыкх боюнча өздөрүнүн билимдерин жогорулатышууда.

«Дин аалымдарынын тажрыйбасын пайдаланып, билбегенибизди үйрөнөлү. Билим алууда жаш куракка чек коюлбайт»,-деди облус казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдусамат уулу.

Эскерте кетсек, Талас облусунун мусулмандарынын казыяты аймактагы имамдардын билимин жогорулатуу үчүн атайын үч күндүк окуу семинарын баштаган.