Өзгөндүн баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров аймактагы имамдарга диний объектилердин тазалыгына көңүл буруу керектигин эскертти

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбордук мечитинде айыл имамдарына жыйын болуп, мечиттерди каттоо, мечиттердин тазалыгы жана нике журналдарына  көңүл буруу маселеси каралды.

Иш-чарага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, хатибият кызматкерлери жана  мечит имамдары катышты.

Жыйында Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров мечиттерди тез аранын ичинде каттоо зарыл экенин баса белгиледи.

«Мамлекет мечиттерди каттоого жардам көрсөтүүдө. Өзгөн районунда  канча диний идара болсо, тез аранын ичинде каттоодон өткөрүүбүз керек. Мечиттерди каттоо учурунда келип чыккан көйгөйлөрдү колубуздан келишинче чечүүгө аракет кылуудабыз», – деди Акжол ажы Бакиров.