Баткенде дин кызматкерлеринин ортосунда футбол жана аркан тартыш оюндары боюнча атайын турнир өткөрүлдү

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун демилгеси менен  мечит имамдарынын жана медресе мугалимдеринин арасында футбол жана аркан тартыш оюндары боюнча атайын турнир өткөрүлдү. Иш-чара ынтымакты чыңдоо, спорт тармагын жандандыруу, жаштарды сергек жашоого үндөө максатында уюштурулган.  

«Динибиз сейрек жашоого үндөйт. Ден соолугубуздун жакшы болуусу үчүн аракет кылалы. Ар бир адам өзүнүн ден соолугуна кам көрүп туруусун шариятыбыз милдеттендирет. Ар бир түзүлгөн командалар мыкты оюн көрсөтүшүп, жакшы даярдык менен келишкендерин тастыкташты»,-деди облус казысы.

Спорттук иш-чара Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин кичи футболдук аянтчасында өтүп,  Баткен  облусунун спорт комитетинин төрагасы Кубанычбек Сайкалов жана КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын  укук тартиби, коопсуздук жана  өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турусматов катышып, командаларга ийгилик каалашты.

 Футбол оюну боюнча жалпы 16 команда катышып, жыйынтыгында:

1-орун Кадамжай райондук хатибияты

2-орун  Баткен медресеси

3-орун  Байтулла командасы  жана Лейлек районунун хатибияты.

 Ал эми аркан тартыш боюнча:

1- орун  Лейлек райондук хатибияты

2- орун  Кадамжай райондук хатибияты

3- орун  Баткен медресеси

Иш-чаранын сонунда облус казысы Нуридин ажа Мамасабиров жалпы катышуучуларга  ыраазычылык билдирип, кийинки спорттук мелдеш Кадамжайда районунда өтөөрүн маалымдады.