Бишкек шаардык казыяты калаадагы имамдарга каттоодон өтө элек мечиттердин документтердин бүткөрүү тапшырмасын берди

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев калаадагы төрт райондун баш имам-хатибтери жана каттоодон өтө элек мечиттердин жооптуу имамдары менен жолугуп, каттоо иштерин бүткөрүү тапшырмасын берди.

«Бүгүнкү күндө мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр  түзүлүүдө. Ар бир диний жааттагы курулушка маани берип, документтерин дароо бүткөрүү керек»- деди шаар казысынын орун басары.