Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Ош шаарындагы бир катар диний окуу жайларды зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында калаадагы «Сайида Хадича», «Сулайман Тоо» медресесин, «Хадича аль-Кубро» ислам институтун жана «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборун зыярат кылып, студенттер менен жолугушту.

Студенттер менен жолугушууда Абибилла ажы Кадырбердиев билим алуунун артыкчылыктарын жана убакытты туура пайдалануу боюнча баяндама жасап, алардын суроолоруна жооп берди.

«Сайида Хадича медресеси» жана «Хадича аль-Кубро» ислам институтуна болгон зыяратка КМДБнын бухгалтерия жана чарбалык-курулуш бөлүмүнүн адиси Асанбай Бекматов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Номан уулу Муктарбек катышты.