Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинде көзү азиздер үчүн эки айлык Куран окуу курсу ачылды

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинде көзү азиздер үчүн эки айлык Куран окуу курсу ачылып, саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин  орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, КМДБнын бухгалтерия жана чарбалык-курулуш бөлүмүнүн адиси Асанбай ажы Бекматов, «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр» коомунун түштүк аймактык облустар аралык башкармалыгынын төрагасы Жамгырчы Абдыкалыков жана медресенин мугалимдери катышты.

Абибилла ажы Кадырбердиев Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин саламын жолдоп, илим алууда кыйынчылыктарга сабырдуу болууга чакырып, эки айлык Куран окуу курсун уюштурууга шарт түзүп берген медресенин жетекчиси  Кутманбек ажы Орунбаевге жана мугалимдер жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

  «Кыргызстанда көзү азиздер он миңден ашык.  Алар үчүн диний  окуу жай жок болгондуктан биз «Умму Мухаммад» медресенин жетекчиси Кутманбек Орунбаевге  кайрылганыбыз. Бизди өтө жылуу кабыл алып, бизге колунан келген бардык шарттарды түзүп берди. Азыр Кудайга шүгүр, медреседе жылуу жатакана, класс жана тамак-аш менен толук камсыз болдук.  Биз көзү азиздер үчүн ачылган Куран үйрөтүү курсубузда окуу жана жазууну Брайл системасы менен жүргүзүп жатабызй»,-деди «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр» коомунун түштүк аймактык облустар аралык башкармалыгынын төрагасы Жамгырчы Абдыкалыков.