Токтогул районунун Толук айылында үй-бүлө институтун бекемдөө маселеси талкууланды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Толук айылынын Мамбет Бекболотов атындагы орто мектебинде Токтогул районунун баш имам хатиб Алипбай ажы Борошбаевдин катышуусунда ата-энелер үчүн «үй-бүлөө институтун бекемдөө» жана «бала тарбиялоо» темалары боюнча жыйын өттү.

Жыйынга айыл өкмөттүн башчысы, аймактык милиция кызматкерлери, мектеп директору жана жалпы мугалимдер катышты.

«Үй-бүлө институтун бекемдөөдө аялзатынын орду чоң. Балдардын тарбиясын үйдөн баштоо керек. Ал үчүн ар бирибиз келечек муундарды ыйман, билим менен сугарып, аларга мээрим төгүшүбүз зарыл»,-деди  Алипбай ажы Борошбаев.

Ал эми жалпы катышуучулар мындай иш-чараларды аймактарда дагы өткөрүү керектигин айтышып, ага жалпы мектеп окуучулары катыштыруусун суранышты.