Баткен районунда ысырапкерчиликке жол бербөө жана анын алдын алуу маселеси талкууланып, атайын жумушчу топтор түзүлдү.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Президент Садыр Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында жыйын өттү. Жыйынга  Баткен облусунун мусулмандарынын  казысы Нуридин ажы Мамасабиров, район акими У. Жоробаев, МУККнын Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы Р. Аманбаев, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы А.Шагамурзаев  жана айыл өкмөт башчылары, райондук мекеме-ишканаларынын жетекчилери,  айылдык кеңештин төрагалары, аялдар кеңешинин башчылары, имамдар катышты.

Жыйында Баткен районунун бардык айыл аймактарында  атайын жоболор  иштелип чыгарылып,   ысырапкерчиликти токтотууда эл менен иштөө тапшырмасы берилди.

«Пайгамбарыбыз (сав) «Мен кайгыга батып (өлүккө) чачын жулуп өкүрүп ыйлагандан безермин»,-деген. Албетте маркумга кайгырып ыйлоону шариятыбыз тыйбайт, бирок жасакерленип эл көзүнчө өкүрүп, тагдырга шек келтирген сөздөрдү айтканга шариятыбыз уруксат бербейт. Маркумга аш берүү динибизде жок. Колунда жок, кедей-кембагалдын курсагын тойгузуп, дубасы  маркумга жетсин деп Куран окутса болот, бирок маркум жерге берилгенден кийин мүмкүнчүлүгү болгон учурда»,-деди облус казысы.

Жыйындын соңунда жобонун аткарылышын камсыз кылуу максатында райондук, айыл өкмөттүк жана айылдык деңгээлдерде атайын жумушчу топтор түзүлдү.

Ушундай эле жыйын Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.