Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Ленин районунун администрация башчысы Русланбек Тагаев менен жолугушуп, кызматташуу жаатында пикир алышты

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Ленин районунун администрация башчысы Русланбек Тагаев менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында мечиттерди каттоодон өткөрүү маселеси каралып, Ленин райондук администрациясы жардам көрсөтөөрү  белгилүү болду.

Жолугушууда шаар казысы имамдардын коомдогу орду чоң экенин баса белгилеп, эки тараптуу кызматташуу зарылдыгына токтолду.

«Диний Башкармалык жергиликтүү бийлик менен дайыма кызматташып келет. Учурда болгон күчүбүздү мечиттерди каттоо иштерине жумшап жатабыз. Жакынкы күндөрдө каттала элек диний объектилердин баарын эсептик каттоодон өткөрүүгө аракет кылабыз»– деди шаар казысы.

Ал эми Ленин районунун акими Русланбек Тагаев өлкө башчыбыздын жарлыгынын алкагында түшүндүрүү иштерин баштоо жана маараке, аш-тойлордо, маркумду жерге берүүдө ашыкча чыгымдарга жана ысырапкерчиликке жол бербөө үчүн иш-чараларды күчөтүү керектигин билдирди.

Жыйынтыгында Самидин кары Атабаев район жетекчисин кызмат орду менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.