Ысырапкерчиликти жоюу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиевдин кайрылуу жасады

Урматтуу мусулмандар, кадырман эл-журт жана Кыргызстандыктар!

Өлкөбүздө коомчулуктун бардык катмарына терең жайылып, жашоочуларыбыздын көңүлүндө кандайдыр бир деңгээлде диний жөрөлгө катары таанылып калган той-аштардагы, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ырксыз чыгым, ысырапкерчиликтер көпчүлүк мекендештерибизди ар кандай оор тагдырларга дуушар болуусуна алып келүү менен, калктын социалдык-экономикалык абалына кедергисин тийгизүүдө.

Аталган көйгөйдүн зыяндуулугу жана ага бөгөт коюу маселесинде Кыргызстан мусулмандарынын  Дин Башкармалыгы тараптан расмий дин кызматкерлеринин, кээ бир мамлекеттик кызматкерлердин жана даанышман элибиздин талыкпаган иш-аракеттери менен спирт ичимдиктерин пайдаланбоо, нике тойлорун жөнөкөйлөштүрүү жана башка ушул сыяктуу бир топ маселелер жөнгө салынганы менен мамлекеттик деңгээлде масштабдуу ишке ашпай келгендиги анык.

Учурда урматтуу президентибиз Жапаров Садыр Нуркожоевичтин маселенин орчундуулугун туура баамдап, калкыбыздын жаркын келечеги үчүн атайын жарлыгын чыгарганы өтө кубанычтуу жана толук колдоого алына турган маселе болгондугун баса белгилейбиз.Аллах Таала Куранда Аьраф сүрөсүнүн 31-аятында

وَكُلُوا وَاشْرَبُوا وَلَا تُسْرِفُوا ۚ إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُسْرِفِينَ۞

“Жегиле, ичкиле бирок ысырап кылбагыла, анткени Аллах Таала ысырап кылгандарды жакшы көрбөйт”— деп айткан.

Биз, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жалпы жамааты жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү казыяттар, райондук хатибдер жана жер-жерлердеги райондук дин кызматкерлер аталган жарлыкты ишке ашырууда Жараткандан жардам сурап, мүмкүнчүлүгүбүздүн болушунча катуу аракеттенебиз.

Урматтуу кадырман калк, даанышман эл-журт жана Кыргызстандыктар!

Биз, баарыбыз Аллахтыкыбыз жана Аллахка кайтуучуларданбыз. Сиз менен биз жашап жаткан коом жана коомдун жасап жаткан иш-аракеттери ушул кылымдын тарыхында калаары бышык. Ошондуктан Аллах Тааланын ыраазычылыгын табуу, тарыхта жакшы из калтыруу жана Жараткандын буйруган буйруктарын жашообузга алып келүү жана ысырапсыздык, үнөмдүүлүк менен ар бир үй-бүлөгө татыктуу жашоо тартуулоо максатында урматтуу президентибиздин той-аштарда, маркумду акыркы сапарга узатууда үй-бүлөлүк салтанаттарда ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча чыккан жарлыгын колдоп, күнүмдүк жашообузда ишке ашуусуна салым кошолу.

Жараткан дүйнө элдерине, анын ичинде касиеттүү Кыргызстаныбызга өзүнүн тынчтыгын берсин!

Терең урматым менен,

 Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиев