Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясында өлкө башчынын жарлыгы боюнча чукул жыйын өтүп, бир катар маселелер каралды

Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аким Каныбек Жумадылов, Чолпон-Ата шаарынын мэри Бердибек Иманбеков, райондун  баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев жана   РИИБ, МУКК өкүлдөрүнүн  катышуусунда  Президент Садыр Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу маселеси талкууланды.

«Кереметтүү Куран китебинде; Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла. Анткени Аллах ысырап кылуучуларды жакшы  көрбөйт (Араф сүрөөсү 31-аят) деп бизге ачык түрдө буюруп жатат. Курандагы ачык түрдө айтылган  аяттарды милдетти аткаруу зарыл», — деди Максат ажы Сейталиев.

Мындан сырткары жаштарга туура тарбия берүү, адептүүлүккө үйрөтүү, билим алууга үндөө туурасында дагы маселелер каралып, бул жатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды.

«Бүгүнкү жаш муундар эртеңки ата-эне, мамлекетибиздин жарандары, коомубуздун өкүлдөрү. Ошондуктан туура тарбия берүүнү үйдөн башталышы зарыл. Бир эле  мектеп мугалимдерине таштап койгон туура эмес»,-дедирайондун акими Каныбек Жумадылов.