Алай районунун Согонду айылында заманбап мечит ачылып, тиешелүү документтери бүткөрүлдү

Ош облусунун Алай районуна караштуу Согонду айылында «Осмон ата атындагы Хидаят-Нур» мечити ачылып, пайдаланууга берилди. Саамалыкка облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев, казынын орун басары Алибек ажы Жусупов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Фурхатбек Адилбек уулу, хатибият жамааты, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты.

«Экономикалык жана финансылык тартыштык болуп турган маалда ушундай жаркыраган мечит куруу бардык эле инсандын колунан келе бербейт. Турумбек ажы инибиз мечитти куруп гана тим болбой, өзү чуркап жүрүп эсептик каттоодон өткөрдү.  Ушул мечит ыйман, ыкластын, адеп-ахлактын, жакшылыктын, биримдиктин, бир тургандыктын ордосу болуп кала берсин», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Ал эми Фурхатбек Адилбек уулу мечиттерди каттоо иштеринин кызуу жүрүп жатканын билдирүү менен бирге диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө маалымат берди.

Эскерте кетсек, учурда Алай районунда 63 мечит болсо,  14 мечитте  жума намазы окулат.