Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Исфанадагы “Абдулла ибни Аббас ” ислам институтуна барышты

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, РИИБнын 10-бөлүмүнүн башчысы Дастан Кумарбаев Лейлек районунун Исфана шаарындагы  “Абдулла ибни Аббас ” ислам институтунда билим алып жаткан студенттер менен жолугушту.

Билим ээлери менен болгон жолугушууда Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров салттуу ислам динин аруулугун айтып, Ханафи мазхабын, Матурудий акыйдасын терең өздөштүрүүгө чакырды. Муну менен катар облус казысы экстремизм жана терроризмдин алдын алуу керектигине токтолуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эл менен иш алып баруу керектигин баса белгиледи.

Ал эми ДИМКтин Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов  Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгү туурасында маалымат берип, “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат”, “салттуу ислам баалуулуктары” боюнча баяндама жасады. Ошондой эле диний уюмдар, алардын ишмердүүлүгү, дин тутуу мыйзамы, өлкөбүздүн аймагында тыюу салынган агымдар, экстремизм, терроризмдин жана радикалдык көз караштын алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөрдү берди.

Институт мүдүрү Абдыгапар уулу Кубатбек облус казысы Н.Мамасабиров жана Ч. Юсуповго Д. Кумарбаевге   ыраазычылык билдирди.