Ош шаарында «Аалымдардан алтын мурас» аталышындагы тегерек стол өттү

Ош шаарындагы «Шанхай Сити» мейманканасынын жыйындар залында «IQRA» долбоорунун алкагында «Аалымдардан алтын мурас» темасында тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана медресе мүдүрлөрү катышты.

Тегерек стол алкагында шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Аалымдардын алтын издери», ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков «Аалымдардын коомдогу орду» жана Давид Абы уулу «Биримдик жана ынтымак — ийгиликтин башаты» деген темада баяндама жасашты.

«Азыркы учурда илим алуу үчүн заманбап шарттар түзүлгөн. Өлкөбүздө дин эркиндиги бар. Аны туура пайдалануу керек. Анткени эски аалымдар сабак алууда атайын медреселер жок болгондуктан, ар кайсыл жерге көчүп, шарттары начар болушуна карабастан илим алышкан жана илимдин бизге чейин жетип келүүсүнө себепчи болушту»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.