Кара-суу районунда ыксыз чыгымдарга жол бербөө жана анын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Ош облусунун Кара-Суу районунда маркумду акыркы сапарга узатууда, эскерүүдө ысырапка жол бербөө жана тартипке келтирүү боюнча жыйын өттү. Саамалыкка Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, район акими Турусбек Ногоев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, мекеме-ишкана жетекчилери, райондун карамагындагы жалпы имамдар, айыл өкмөт жана айыл башчылары катышты.

«Ислам дининде ыксыз чыгым кылуу, ашыкча ысырапка жол берүү туура эмес экени жалпыга белгилүү. Ыйык Курандын Арааф сүрөсүнүн 31-аятында, «Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла»,  деп ачык буйрулган. Президентибиздин ысырапкерчиликти чектөө боюнча чыгарган жарлыгын колдошубуз зарыл. Аталган жарлык диний эле эмес, социалдык, экономикалык жагынан да зор мааниге ээ. Анын шарапаты менен ыксыз чыгымдар азайтылып, социалдык теңсиздик алдын алынат жана эл биримдиги бекемделет», – деп билдирди облус казысы.

Эскетерте кетсек, облус аймагындагы жалпы мечиттерде ысырапкерчиликке жол бербөөгө багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, насааттар айтылууда.