«Ильшат» медресесиндеги студенттер арасында билим сынагы өтүп, жеңүүчүсү умра сапарына жолдомо алды

 Чүй облусунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу Восток айылындагы «Ильшат» медресесинде студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын сынак өттү. Сынак 2 бөлүктөн туруп, алдыга озуп чыккандар финалдык турган катышты.

«Биздин башкы максатыбыз окуу жайыбыздан билимдүү кадрларды тарбиялап чыгуу жана мамлекетибиздин өсүүсүнө салым кошуу болуп саналат. Окуу жайыбыз өлкөбүздөгү эң алдыңкы билим берүүчү жай болуусу үчүн ар бирибиз сапатка умтулуубуз керек. Андыктан дал ушул сынагыбызды жыл сайын уюштуруп туруу чечимин кабыл алып, студенттерибизди шыктандыргыбыз келди»,-деди медресе мүдүрү Толкунбек ажы Жуманов.

Сынакка жалпысынан 70 студент катышып, биринчи тур жазуу түрүндө, ар бир курстун деңгээлинде өткөрүлүп, 8 окуучу экинчи турга өткөн. Ал эми экинчи турда 8 студенттин  ичинен биринчи орунга  Эргешов Айбек озуп чыгып, умра сапарына жолдомо алды.

«Мындан ары окуу жайыбызда жыл сайын билим сынагы уюштурулуп, анын жеңүүчүсү  умра сапарына жөнөтүлүп турмакчы. Окуу жайыбызда өткөн сынакка демөөрчү болгон «Аййылдыз» туристтик фирмасына ыраазычылык билдирем»,-деди окуу жайдын мүдүрү.