Азирети Муфтий Замир кары Ракиев: Ысырапкорчулук-бул оору, дарт

Ыйык Курани Каримде ысырапкорчулуктан сактануу жана ысырап кылуучуларга эскертүү деген жыйырмадан ашык жер бар. Алла Таала  ысырапкорлорду сүйбөй турганын кабарлап; Аллах Таала айтты: «Ысырап кылбагыла, анткени Ал ысырап кылуучуларды сүйбөйт» (Аъраф: 31).

Ислам динибизди же дүйнөлүк илимдерге көз чаптыра турган болсок ысырап кылуу, байлыкты маанисиз, жөнү жок чачуу өтө чоң айып катары белгиленет. Чындыгында элдин турмушу оңолуп, жакшырган сайын, ысырапкорчулук көбөйүп жатат. Элибизде «Чөптү ысырап кылсаң, көзгө зыян», – дейт. Бүгүнкү ысырапкорлуктун зыянын эртең тартып калбайбызбы?  Канчалаган уул-кыздарыбыз чет жака чыгып, безерип иштеп, ичпей-жебей жылдап чогулткан каражаттарын 2-3 күндө сарптап, ысырап кылышууда. Биз «Тойдон кийин тон керек» деген накыл кепти таптакыр эсибизден чыгаргандайбыз.

Акыркы мезгилдерде кыргызды кыйнаган ашыкча тойлор же маркумду акыркы сапарга узатуулар болуп калды.  Кур намысчылдык биротоло каныбызга сиңип,  сарамжалдуулукту, үнөмдүүлүктү эсибизден чыгардык.

Ысырапкерчилик болгон жерде жакырчылык болсо, кайдыгерлик болгон жерде түркөйлүк болот. Ал эми мактанчаактык болгон жерде уятсыздык эриш-аркак жүрөт. Дал ушундай ашыкча чыгымдарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча үстүбүздөгү жылдын 24-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы чыкты. Албетте, бул Жарлык өз учурунда чыккандыктан калкыбыз туура түшүнүү менен кабыл алышууда. Бул жаатта Дин Башкармалыктын алдындагы бардык расмий дин кызматкерлерине атайын буйрук чыгып, имамдарды окутуу жана айыл аймактарда карапайым калкка түшүндүрүү иштери башталды. 

Ыйык Куранда:

«Чындыгында ысырапкорлор шайтандын бир тууганы (болуп саналат). Ал эми шайтан болсо өз Роббисине каапыр болгон»,-деп эскерткен. (Исра сүрөсү, 27-аят).

«Албетте, жетимдин мал-мүлкүн адилетсиздик менен жегендер өз курсактарына отту жутушат жана тозоктун отунда азапталышат». (Нисаа сүрөсү, 10-аят)

Урматтуу бир туугандар! Кайсыл жерде жамандык болуп, кан жутуп, жакындарын жоготуп жатса ал жерден мал союп, тамак-аш жегенди  Алла Таалам жактырбайт.  Мындайга жол бербей, ысырапты токтотолу! Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи катары өлкөдөгү бардык дин кызматкерлерине буйрук чыгарып, шарияттын көрсөтмөсүн түшүндүрүүгө тапшырма берилди.  Ачыгын айтуу керек, буга чейин дин кызматкерлери ашыкча чыгымдарды болтурбоо боюнча талыкпай иш алып барып келишти. Ысырапкорчулукту, Кудайга жакпаган иштерди токтотсок жашообузга береке келет, турмушубуз оңолот.  Канчалаган адамдар кур намыстын айынан карызга батып, өз жашоосуна балта чабышууда. Шариятыбызда маркумга сооп багыштоодо бир күн атайын белгиленген эмес. Маркумга бир гана тамак-аш  тартып, сооп багыштоо чек эмес.  Балким ар бир адам шарият тыйган нерселерден сактануу менен кайрымдуулук амалдарды аткарып, маркумдун арбагына багыштаса соопту болот. Шариятыбызда үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык деген нерселер жок.

Келиңиздер! Ар бирибиз бул убактылуу жашообузду маанилүү жана максаттуу пайдаланып, сооп табуу же кайрымдуулук кылуу менен Алла Таалага моюн сунуп өткөрөлү. Жашообузда бардык нерсе өзүнүн чен-өлчөмү, өз орду, өз жолу менен болгондо гана тең салмактуулук, ырааттуулук жана береке болуп, коомубуз оңолот.

Сиздерди терең урматтап, кайрылуу жасаган Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев