Бишкек шаардык казыяты диний мекемелер арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында спорттук иш-чара өткөрдү

Бишкек шаардык мусулмандарынын казыяты диний мекемелер арасындагы ынтымакты бекемдеп, ден соолукту чыңдоо максатында футбол боюнча мелдеш өткөрдү. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазиев катышып, мындай спорттук иш-чаралар кызматкерлер ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдей тургандыгын билдирди.  

«Диний мекемелер арасындагы ынтымакты бекемдөөгө багытталган бул достук мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, ошол эле учурда бири-бири менен болгон байланыштарын бекемдеп алышат. Достуктун  беттеши диний мекемелер арасындагы алаканы бекемдейт деп терең ишенем. Сиздер, жүрөктөгү ыйманыңыздарды күчөтүп, элибизге динди жеткирүүдө мээнет кылып жатасыздар. Мына эми оорусыркоодон алыс болуу үчүн денебизди да чыңдообуз керек. Спорт – ден соолуктун булагы экендигин да унутпайлы!»- деди ордо калаанын казысы Самидин кары Атабаев

 Мелдешке жалпысынан 6 команда катышып, жыйынтыгында:

1-орун Биринчи Май райондук хатибияты;

2-орун  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы;

3-орун  Свердлов райондук хатибияты;

Жеңишке ээ болгон командаларга уюштуруучулар тарабынан грамоталар тапшырылып, алкыштар айтылды.