Ош шаарында ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Ош шаарындагы А. П. Федченко атындагы орто мектебинин  жыйындар залында Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарына  ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош шаарынын мусулмандарынын  казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Алишер Ажибаев,  КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухаммед  Эсенов, муниципалдык аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү мечит имамдары жана жергиликтүү жашоочулары катышты.

Шаар казысы шарияттагы ысырапкорчулуктун орду боюнча маалымат берип, улуттар аралык ынтымакка чакырды.

«Бардык иш-чараларыбыз үнөмдүүлүк менен эч кандай ысырапкерчиликсиз өткөрүлсө береке болот. Аллаах Таала Куранда:  «Чындыгында ысырапкорлор шайтандын бир тууганы (болуп саналат). Ал эми шайтан болсо өз Роббисине каапыр болгон»,-деп эскерткен (Исра сүрөсү,27-аят)»,-деди шаар казысы.