Чүй облусундагы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, өлкө башчынын жарлыгы жана КМДБ тарабынан чыккан фатваны калкыбызга түшүндүрүү тапшырмасы берилди

Чүй облусундагы дин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыккан фатваны түшүндүрүү боюнча атайын жыйын өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК)  директорунун орун басары Гульназ Исаева, Муфтияттын фатва, диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов катышты.

Иш-чара алкагында катышуучулар дин кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бул жаатта иш алып барып, кайрымдуулук иштерин күчөтүү керектиги айтылды.