Ош шаарындагы имамдар мечиттерде жана коомдук жайларда КМДБнын фатвасынын негизинде түшүндүрүү иштерин алып барышууда

Кечээ, 9-март күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Каныбек Алтыбаев атындагы орто мектебинин жыйындар залында ысырапкорчулукту жоюу максатында өткөрүлгөн жыйынга катышты.

Жыйынга Керме-тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери, кварталдык комитеттер, бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү мечит имамдары катышып, ысырапкорчулук боюнча жүргүзүлө турган иштерди биргеликте алып барууну сүйлөшүштү.  Муну менен катар Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыгарылган фатва жергиликтүү тургундарга тааныштырылды.

Ал эми Ош шаарындагы имамдар мечиттерде жана коомдук жайларда КМДБнын фатвасынын негизинде түшүндүрүү иштерин алып барышууда.