Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев менен жолугушуп, ысырапкорчулуктун алдын алууну сүйлөшүштү

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев  менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында иш алып барууну сүйлөшүштү.

Муну менен катар мындан ары тыгыз иш алып баруу жана кызматташууну бекемдөө маселеси талкууланды.

«Жакшылыкка себепкер болуу, эл арасында тынчтыкты, ынтымактыкты, биримдикти орнотуу жана ысырапкорчулук менен күрөшүү ар бирибиздин  милдетибиз. Пайгамбарыбыз (с.а.в) «Жакшылыкка себепкер болуу, аны аткарган сыяктуу»,- деп айткан.  Ошондуктан баарыбыз жакшы ишке себепкер болуп, ысырапкорчулукту жоюга аракет кылалы!», – деди шаар казысы.

Ал эми Биринчи май районунун акими өлкө башчынын Жарлыгынын алкагында түшүндүрүү иштерин баштоо жана маараке, аш-тойлордо, маркумду жерге берүүдө ашыкча чыгымдарга жана ысырапкерчиликке жол бербөө үчүн иш- чараларды күчөтүү керектигин билдирди.