Кара-Суу районунда баш имам-хатибдин демилгеси менен ишембилик өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругун ишке ашыруу максатында Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан диний мекемелерде, окуу жайларда, ошондой эле социалдык мекемелерде ишембилик өткөрүлдү. Тазалыкка багытталган иш-чара Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен уюштурулуп, имам-хатибдер, имамдар, жергиликтүү тургундар, диний окуу жайдын кызматкерлери жана жаштар активдүү катышты.

 « «Тазылык – ыймандан» демекчи, тазалык ар бирибизге керек. Анткени ислам дини тазалыкты буйруйт. Алла Таала тазаларды сүйөт. Азирети Муфтийдин ишембиликке байланыштуу буйругу учурда өтө актуалдуу. Аталган буйрукту аткаруу максатында биз, диний кызматкерлер менен чогуу массалык түрдө тазалык иш-чарасын уюштурдук. Саамалыкка катышкан бардык инсандарга ыракмат. Иш-чаранын алкагында жолдор да тазаланды. Тазалык иш-чарасы ушул боюнча токтоп калбай, мындан ары да улана бермекчи»– деп билдирди Абдирашит ажы Батыров.

Эскерте кетсек, дал ушул иш-чаранын алкагында Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сарай мечитинин короосуна 30 түп арча, 50 түп ак кайың, 6 түп алча көчөтү отургузулду.