Өзгөндө мечит имамдарынын билимин жогорулатуу максатында атайын сабак өтүлө баштады

Бүгүн, 10-март күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбордук мечитинде Матуридий акыйдасы жана Ханафий мазхабын бышыктоо, экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана имамдардын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын окуу  уюштурулду. Саамалыкка Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.

 Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Ханафий мазхабында эң көп колдонулган «Мухтасар» китебинен сабак берип, мындан ары системалуу түрдө өтүлө тургандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, имамдар үчүн окуу сабактарын ай сайын системалуу түрдө уюштуруу пландалды.