Исфанада жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өтүп, анда ысырапкерчиликти токтотуу маселеси каралды

Исфана шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, аксакалдардын жана дин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өтүп, анда ысырапкерчиликти токтотуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселесин карашты.

Муну менен катар катышуучулар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алардын суроолоруна жооп берүү керектигин айтышты.

«Жыйында сунуштар айтылып, катышуучулар тарабынан суроолор берилди.  Муну менен катар той-аштардагы жана маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ысырапкорчулукка бөгөт коюу боюнча атайын жобо иштелип чыгуу жагы каралды»,-деди Лейлек районунун баш имамы-хатиби  Абдиравшан ажы Дүйшөев.