Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Октябрь райондук администрациясында өткөн жыйынга катышып, бир топ маселелерди талкуулашты

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Октябрь райондук  администрациясында өткөн жыйынга катышып, бир топ маселелер талкууланды. Жыйынга Октябрь районунун администрация жетекчиси Мирлан Эшкожоев, Октябрь РИИБнын  башчысынын орун басары Эрнист Арынбаев жана Муниципалдык аймактык башкаруу жетекчилери катышты.

 «Өлкө башчыбыздын  жарлыгына ылайык Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын (КМДБ) фатвасы дагы чыкты. Эми мындан ары дин кызматкерлери  жана элибиз бул нерсеге олуттуу карайт деп ишенем. Айрыкча маркумду акыркы сапарга узатууда бир гана тамак-аш менен чектелбестен башка соопту иштер менен да жеткизсе болот. Мисалы: муктаждарга жардам берүү, мектеп жана бала бакча куруу, мечит медреселер куруу, бак отургузуу, суу чыгаруу ушул сыяктуу иштер менен маркумга сообун багыштаса болот»,-деди шаар казысы. 

Муну менен катар үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүүдөгү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги бардык түзүмдөрдүн жетекчилерине тапшырылды.