Сайдамир ажы Жейналиев облус аймагындагы медресе жана институт мүдүрлөрүн кабыл алып, билим берүү сапатын жакшыртууну сүйлөштү

Ош облусунун мусулмандарынын казыятында облуска караштуу медресе жана институт мүдүрлөрүнө жыйын өттү. Анда КР Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” жарлыгын аткарууга салым кошуу, диний окуу жайларда мезгилдүү жолугушууларды өткөрүү, медресе окутуучуларынын квалификациялык билим деңгээлин жогорулатуу сыяктуу маселелер талкууланды. Саамалыкка Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят жамааты жана Ош облусунун аймагындагы медресе, институттардын мүдүрлөрү катышты.

Жыйында облус казысы ысырапкорчулукка жол бербөө жана анын алдын алууга салым кошууга чакырды.

«Сиздердин эл арасында кадыр-баркыңыздар бар. Ар бир мүдүр өзүнүн аймагындагы жамааттарга ысырапкерчиликтин кесепеттерин, өлүм чыккан үйдө тамактануунун өкүмүн жеткирсин. Азыр ушундай шарт түзүлүп жатканда айтпай, качан айтабыз?», – деди облус казы.

Сайдамир ажы ошондой эле медресе окутуучуларынын квалификациялык билим деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.

«Адашкан салттуу эмес багыттарга кирип кеткендердин арасында өтө маалыматтуулар бар. Алардын көз караштарын дебатта болобу, дискуссияда болобу, айтор кубаттуу далилдер менен түшүндүрүп, акыйкаттыкты калайыкка таасын жеткире ала турган күчтүү кадрларды өстүрүшүңүздөр керек. Ал үчүн өзүңүздөр да мыкты болуп, күн сайын окуп турушуңуздар шарт», – деди Сайдамир ажы.