Кара-Суу районунда ишембилик кызуу жүрүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен башталган   массалык ишембилик   иш-чарасы кызуу уланууда. Анын алкагында райондогу мечит, медреселердин ичи-сырты, короолору, коомдук жайлар жана жолдор тазаланууда.  

«Тазалык-ыймандын жарымы»,- деген улуу насаат бар. Момун мусулман биринчи кезекте тазалыкка көңүл бурушу керек. Динибиз тазалыктын үстүнө курулганы белгилүү. Ислам цивилизациясы адамзатка тазалыкты бергенин эч ким тана албайт. «Алла Таала – Таза зат, тазалыкты сүйөт» деген хадис тазалыктын канчалык маанилүү экенин айгинелейт. Демек, момун мусулман өзүн, мүнөзүн, жүрөгүн, руханиятын таза тутуу менен бирге; кийим-кечесин, үй-жайын, айлана-чөйрөсүн, ошондой эле айыл-шаарын да таза тутат», – дедиАбдирашит ажы Батыров.

Эскерте кетсек, облус аймагындагы тазалык иш-чаралары КМДБнын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин №65 буйругун ишке ашыруу максатында жүрүп жатат.