Бишкек шаардык казыяты жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүп, имамдарга бир катар тапшырмалар берилди

Бүгүн, 16-мартта Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы «Хулафаи Рашидин» мечитинде Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Президент Садыр Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында ордо калаадагы жалпы имамдарга жыйын өттү. 

Ордо калаанын мусулмандарынын казыяты уюштурган жыйынга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Айбек Иминов, шаардык мэриядан  Кубанычбек  Кудабаев, Курманбек Молдокулов, Ленин райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Самырбек уулу Азат, УКМКнын Бишкек шаардык Башкы башкармалыгынын өкүлү жана жергиликтүү Муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүүдөгү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча өлкө башчынын Жарлыгын калк арасында жайылтуу жана  маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулук маселеси талкууланды. 

«Жыйындын максаты өлкө башчынын Жарлыгын жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын (КМДБ) ысырапкорчулукту жоюу боюнча чыгарылган фатвасын калаадагы имамдарга жеткирүү жана түшүндүрүү. Муну  менен катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте ушул маселени талкууладык. Ошондой эле бүгүн ордо калаадагы дин кызматкерлерине дагы бир катар тапшырмалар берилди. Бул жарлык чыкканга чейин имамдарыбыз дайыма ысырап боюнча түшүндүрүү иштерин элибизге айтып келген. Эми бул Жарлык имамдарга бир топ дем берди», — деди Самидин кары Атабаев.