Араван районундагы дин кызматкерлеринин диний билимин жогорулатууга багытталган сабактар өтүлө башталды

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев жана облус казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов иш-сапары менен Араван районуна барышты. Иш-сапар алкагында райондогу жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, ысырапкерчиликке жол бербөө жана анын алдын алуу, ишембилик, тазалык иш-чараларын уюштуруу, КМДБ жана казыят тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында так аткаруу, ошондой эле акыйда жана мазхаб кармануунун артыкчылыктары боюнча маселелер талкууланды.

«Азыркы тапта элибиздин миң жылдардан бери карманып келе жаткан ханафилик-матуридилик жолу бар.  Салттуу эмес багыттардын жана фиркалардын залалдуу көз карашы, жаңылыш пикирлери калк арасына жайылып кетпеши үчүн биринчи кезекте сиздер күчөтүлгөн режимде иш алып барышыңыздар керек. Исламды үстүртөн же формалдуу таанытып, чыныгы маани-мазмунунан оолактаткан мындай бир туугандарга Куран, хадиске негизделген кубаттуу далил, каламий усул менен түшүндүрүүбүз кажет. Ошол себептүү көп-көп окуп, өзүңүздөрдү өркүндөтүңүздөр», – деп билдирди облус казысы.   

Ал эми Алибек ажы Жусупов ысырапкорчулукту токтотуу зарылдыгын белгилеп, бул жаатта эл менен иштөө керектигин айтты.

«Алла Таала ыроологон немат, жакшылыкты ченемсиз чачып, ыксыз коротууну ысырап деп атасак болот. Ислам дини ысыраптын бардык түрүнө каршы. Өзгөчө сөөгү муздай элек маркумдун үйүнөн жеп-ичүү жакшы каралбайт, жектелет! Динибизде жактырылбаган жана тыйылган өкүмдөр боюнча калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүңүздөр»,-деди ал.   

Жыйындын экинчи бөлүгүндө облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев имамдарга Ханафи мазхабында эң көп колдонулган «Мухтасар» китебинен сабак өттү.

Эскерте кетсек, имамдардын диний билимин жогорулатууга багытталган сабактар мындан ары пландуу өтүлөрү айтылды.