Ош облусунун Өзгөн районунда ысырапкерчиликти жоюу боюнча жыйын өтүп, ыксыз чыгымдарды жоюу максатында бирдиктүү жобо иштелип жатканы маалымдалды

Кечээ, 16-март күнү Өзгөн районунда ыксыз чыгымдарды жана ысырапкерчиликти токтотуу боюнча иш-чара болуп өттү. Ага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, облустагы коомдук уюмдардын өкүлдөрү, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, дин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. 

«Ысырапкерчиликти токтотууга мамлекет башчысынын өзү киришкени жана аны аткарууга багытталган ушундай чоң иш-чаралардын өтүп жатканы өтө жакшы көрүнүш. Сөз болуп жаткан жарлыктын шарапаты менен ыксыз чыгым жана  ысырапкерчилик кыскарат деп ишенем. Биз, КМДБ түзүмүндөгү расмий дин кызматкерлери да ысырапкерчиликтин туура эмес экенин бардык мечиттерде айтып, түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүп жатабыз», – деп билдирди облус казысы.

Жыйында ысырапкерчиликти токтотуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча иш алып баруу тууралуу да сөз болуп, аны ишке ашыруу максатында бирдиктүү жобо иштелип жатканы маалымдалды.

«Маркумду акыркы сапарга узатууда жана той-аштардагы ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча облуста бирдиктүү жобо иштелип жатат. Биз ошол жобо боюнча иш алып барып, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Аталган жобону жарандардын, диний ишмерлердин жана жергиликтүү бийликтин сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгабыз», – деди Зиядин Жамалдинов.

Эске сала кетсек, 24-февралда Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыкка кол койгон.