Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясында дин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өтүп, ысырапкорчулук маселеси талкууланды

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Ленин райондук администрациясында өткөн жыйынга катышып, анда бир топ маселелер талкууланды.

Жыйынга Ленин районунун администрация жетекчиси Русланбек Тагаев,  Ленин РИИБнын өкүлдөрү жана Муниципалдык аймактык башкаруу жетекчилери катышты.

«Өлкө башчыбыздын жарлыгына ылайык Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын (КМДБ) фатвасы дагы чыкты. Эми мындан ары дин кызматкерлери жана элибиз бул нерсеге олуттуу карайт деп ишенем. Айрыкча маркумду акыркы сапарга узатууда бир гана тамак-аш менен чектелбестен башка соопту иштер менен да жеткизсе болот. Мисалы: муктаждарга жардам берүү, мектеп жана бала бакча куруу, мечит медреселер куруу, бак отургузуу, суу чыгаруу ушул сыяктуу иштер менен маркумга сообун багыштаса болот»,-деди шаар казысы. 

Муну менен катар үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүүдөгү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги бардык түзүмдөрдүн жетекчилерине тапшырылды.