Аксы районунун баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков аймактардагы имамдарга жыйын өтүп, ысырапкорчулуктун алдын алууну жана КМДБнын фатвасын түшүндүрдү

 Аксы районунун баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков аймактардын имамдарына жыйын өтүп, анын алкагында ысырапкорчулуктун алдын алуу жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыккан фатваны түшүндүрүп берди.

Муну менен катар  Аксы районунун баш имам-хатиби айыл имамдарын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте  тыгыз иш алып барып, калк арасында бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин тапшырды.

“Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча биз имамдар менен буга чейин да иш алып барып жатканбыз. Мына бүгүнкү күндө өлкө башчыбыз ысырапкорчулукту жоюу максатында Жарлык чыгарып берди. Бул карапайым элибиздин үй-бүлөлүк жашоосуна  чоң пайдасын келтирет”,-деди Мырзабек ажы Абдыкалыков.